Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги М.Боронов милициянын жаш досу 8 жаштагы Курсант Кубатовду келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктады.

Шаардык милициянын жетекчиси М.Боронов Курсантка жаӊы жылдык шириндиктерди, оюнчук автоунаа  белек кылып, келечекте элине пайдасы тийген мыкты милиция кызматкери болуусун каалады. Жаш досубуз башка милиция кызматкерлери менен биргеликте атайын автоунаада салтанаттуу жүрүшкө катышты.

8 жаштагы Курсант Кубатов Ош шаарынын тургуну. 3 жашынан тартып келечекте милиционер болууну самап келе жатат. Анын милиция кызматкерлериндей эле ар сезонго ылайыктуу милиция формасы дагы бар. Буюрса Курсант Кубатов-келечектеги биздин кесиптеш.

Ош ШИИБдин  Басма сөз кызматы