Лейлек районунда катылган куралдар табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Лейлек РИИБге абакта жазасын өтөп, боштондукка чыгышкан жарандар тарабынан кылмыш жасалуусу мүмкүн экендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Бул маалыматты тактоо максатында Лейлек РИИБдин кызматкерлери УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте кылмышты алдын алуу чараларын көрүп, 26-ноябрда түнкү саат 01:20 чамасында Лейлектин Кайрагач айылындагы чек ара постунан «Мерседец Бенц» унаасын токтотушкан. Анын ичинен Лейлектин Арка-2 айылынын 44 жаштагы тургуну Ш.Д., Чаткал районунун 27 жаштагы тургуну О.А. жана Тоң районунун 26 жаштагы И.Ж. кармалган.

Андан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө Лейлектин Жаштык айылынын күн батыш тарабындагы жол боюндагы арыктын артынан 27 жаштагы О.А. жашырып койгон 1 даана травматикалык тапанча жана 16 калибрдеги курал табылды. Бул факты Лейлек РИИБде Жазык кодексинин 253-беренесинин (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү ) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.