Урматтуу мекендештер!

Биз бүгүн 2020-жылды узатып турабыз. Бул жалпы дүйнө элине түйшүк салган олуттуу сыноонун жылы болду: пандемия, экономикалык кризис.

Кыйынчылыктар Кыргызстандын элин да кыйгап өткөн жок: бийликтин жөндөмсүздүгү, өткөн жылдар ичинде чечилбей келген көйгөйлөр алда канча терең экенин көрсөттү.

Жогорку Кеӊештин депутаттарынын шайлоосунун адилетсиздиги элибиздин чыдамынын жеткен чегине чекит койду.

Жөнөкөй адамдар кырдаалды өз көзөмөлүнө алышты. Бул кыйын мезгилде биздин эрки күчтүү, даанышман элибиз өзүнүн эң мыкты сапаттарын дагы бир ирет көрсөттү. Уюшкандыкты жана биримдикке келүүнү көрсөтүштү.

Кымбаттуу кыргызстандыктар, сиздер Кыргызстандын чыныгы баатырлары болдуӊуздар! Эӊ алды биздин кымбаттуу врачтар, пандемиянын огуна төшүн тоскондор! Ыктыярчылар жана жалпы жарандар! Жакындарына, үй-бүлөлөрүнө жана өлкөбүзгө ак кызматын өтөгөндөр, өз ишин мыкты аткаргандар!

Достор!

Келе жаткан 2021-жыл жаңылануунун жылы болмокчу!

Мен эркиндикти сүйгөн, тайманбас элиме ишенем.

Биз, кыргызстандыктар, ар кандайбыз, бирок баарыбызды Кыргызстан жаңы жылда өзгөрүүлөрдүн жолуна түшсө экен деген тилек бириктирип турат. Биздин балдар адилет, коопсуз, бакубат мамлекетте жашоого тийиш! Ата-энелерде балдарына мээримин төгүп, көбүрөөк көңүл буруш үчүн убактысы да, каражаты да жетиштүү болсо дейбиз! Биздин жаштарда өзүнүн потенциалын өз өлкөсүндө ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр болуусу зарыл! Керек болсо, дүйнө жүзү биздин жаш таланттарга суктансын! Карыяларыбыз камкордукта жана берекелүү жашоого татыктуу болсун!

Менин кымбаттуу кыргызстандыктарым!

Келе жаткан жыл кандай болоору өзүбүзгө көз каранды. Биз адилеттүүлүккө жана ийгиликтерге карай алгачкы кадамдарды 2020-жылда жасадык жана өз жолубузду 2021-жылда ишенимдүү улантабыз!

Биздин күчтүү жана өркүндөп-өскөн мамлекет жөнүндөгү бардык эңсеген кыялдарыбыз кирип келе жаткан жылда ишке ашсын.

2021-жыл Кыргызстандын тарыхында куттуу жана берекелүү мезгилдин башталышы болуп калсын!

Жаңы жылыңыздар кут болсун, кымбаттуу кыргызстандыктар! Баарыңыздарга бакты- таалай каалайм!

Аткаруучу: «Кадам-медиа.кж» маалыматтык порталы; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Гоголь көчөсү – 3.

Нускасы: 1. 2020-жылдын 31-декабрда даярдалды.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.