Бүгүн, 31-декабрдан тарта Чүй облусунун аймагында жүргүнчү ташыган поезддер иштей баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.
Төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды жандантууга уруксат берилген:
Бишкек — Токмок — Бишкек;
Кайыңды — Бишкек — Кайыңды;
Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта.
Бардык маршруттар күн сайын, ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта каттамы күнүнө эки ирет каттайт.
«Маршруттар боюнча айрым өзгөрүүлөр бар. Кайынды — Бишкек — Кайынды каттамында «Лицей» деген жаңы аялдама болот. Ал эми Кара-Балта — Бишкек — Кара-Балта поезди «Бишкек-1″ станциясына чейин барат», — деп айтылат маалыматта.
Пандемияга байланыштуу эл аралык темир жол каттамдары 17-марттан тарта, ички каттамдар 25-мартта токтотулган.