Ардактуу ардагерлер жана кесиптештер! Үзөңгүлөш эр азаматтар!!!

Урматтуу Ички иштер органдарынын кызматкерлери! ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери! Сиздерди кирип келе жаткан 2021-жаӊы жылыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Урматтуу кесиптештер, сөзүмдүн башатын жакшы тилек, жаркын каалоолор менен баштоону туура көрдүм.
2020-жылды аяктап жатып өлкөбүздүн турмушунда бир катар өзгөчө маанилүү саясий социалдык окуялар болду. Ага Кыргызстандын ар бир жараны жана ар бир милиция кызматкери күбө болду. Кыргыз милициясы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди татыктуу аткарып, сыноолордон өттү. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун кыргыз милициясы сыноолордон сынбаган, түгөнгөн сайын түтөгөн, Эр кыргыздын элим, жерим деген, күнү — түнү күзөттө болуп коомубуздун тартип сактаган жоокери катары кызмат кылгандыгыныздарга ыраазычылык билдиремин.Милициянын эр азамат жигиттери кылым карытып иш кылды, берген антына жана намысына бекем турду. Журтту коргоп чеп болду, намысына шек келтирбей, өмүрү бычактын мизинде турса да, Элим жерим деп, кызматын Мекенине арнаган Эр азамат шер болду. Сегиз кырдуу, бир сырдуу, сөзү так жана ачык, көңүлү жарык көөдөнүндө эрдик уялап, өз сөзүнө турган, кайратынан таш сынган, илебинен муз ээриген, иштеген ишине айткан сөзү дал келген Элибиздин сакчысы экенибизди биз эч качан унутпоого тийишпиз.
Биз, коомдук коопсуздукту жана жарандардын бейпилдигин, алардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын, коомубузда туруктуулукту сактоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча көптөгөн ыкчам, иликтөө иштерди аткарып, башыбыздан ийгиликтерди жана көп сыноолорду өткөргөн жыл болду.
2020-жылы Кыргыз милициясы өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал убагында өзүнүн кызматтык милдеттерин эр жүрөктүүлүк менен аткарып күнү түнү чекте турду. Ааламды каптаган пандемия Кыргыз милициясынан айланып өтүп кете албады. Катарда турган ондогон эр азаматтарыбыз жана Ардагерлерибиз кабыргабызды кайыштырып арабыздан кете берди.Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы, Кайда калбайт эрдиктердин көз жашы, Эгер “кел!” деп Элим Журтум чакырса, Ойлонбостон “жарайт” деп айткан сөз жакшы деп,- аталарыбыз айткандай Биз баарыбыз Мекен чегинде экендигибизди эстен чыгарбоого тийишпиз.Биз, каза болгон кесиптештерибиздин жана Ардагерлерибиздин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз, алардын эр жүрөктүүлүгүн жана Мекеним деп күйүп жанган жаркын элестерин эч качан унутпайбыз. Биз алардын жакындарына дайыма кол сунуп жардамыбызды аянбайбыз!!
Мамлекеттин туруктуулугу, жарандардын бейпилдиги жана ишеними милициянын бирдиктүү жана сапаттуу ишинен билинет. Милициянын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири элдин ишеними экендигин биз абдан жакшы билебиз.Мындан ары да жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарып, элдин ишеничин актап, коомдун коопсуздугун жана мыйзамдардын бекем сакталышын көзөмөлдөп, ички иштер органдарынын аброюн бийик көтөрүүдө ар бирибиз адилет иштеп Кыргыз Элине ак кызмат кылууга чакырамын.

Урматтуу кесиптештер!
Алдыда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгү турат. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку денгээлде камсыздоону талап кыламын. Жалпысынан ички иштер министрлиги шайлоону өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоого даярбыз. Биздин алдыбызда өтө жооптуу жана маанилүү милдеттер турат. Мындай жооптуу иш Бизден тактыкты, туура чечим кабыл алууну, мыйзамды урматтоону жана кесипкөйлүктү талап кылат. Биз так жана ыкчам иш жүргүзүүгө тийишпиз. Баардыгыңыздарга конкреттүү тапшырмалар берилген. Ошол себептүү коюлган тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен убагында аткарып, мыйзам чегинде иш алып баруу керектигин эскертемин.
Урматтуу Кыргызстандыктар!
Сиздерди келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктап, кесиптик ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт таалай каалаймын! Баардыгыңыздарга жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздерге ийгилик, Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүү каалаймын!Келе жаткан жаңы жыл баарыбызга ийгиликтерди алып келсин.
Сиздерди дагы бир жолу Жаңы 2021-жылыңыздар менен куттуктаймын жана коомдук тартипти коргоо ишмердүүлүгүбүздө мыкты ийгиликтер жаралып, үй бүлөңүздөрдө бактылуу жашоо өкүм сүрүп, ден соолугуңар бекем болуп, мамлекетибизде тынчтык болсун. Жаңы жыл жакшылыктардын, жакшы жетишкендиктердин жылы болсун. Жаңы жылыңыздар менен!
Тереӊ урматтоо менен,
Улан Ниязбеков,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри,