Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Орус-кыргыз союздаштык мамилелери жана стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлде. Биздин өлкөлөр евразия интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү кызматташууда, аймактык жана эл аралык коопсуздукка болгон коркунучтар, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирип жатат. Келе жаткан жылда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Талант Мамытовго бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады.