Балбан кыз мекендештерин куттуктап жатып 2020-жылдагы ийгиликтерин санап, келерки жылга карата пландары менен бөлүштү.

Дүйнө кубогунда жеңүүчү болгон балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен Facebook баракчасы аркылуу куттуктады.

«Өтүп бара жаткан жыл баарыбызга оор болду. Көптөгөн эл аралык мелдештер белгисиз убакытка жылдырылды, бирок спортчуларыбыз Дүйнө кубогунда ийгилик жарата алды. Жылдын аягында Бириккен күрөш дүйнөсү онлайн жарыш уюштуруп, мен анда жылдын мыкты спортчу айымы наамын жеңип алдым. Келе жаткан жыл мындан дагы татаал болот. Анткени алдыда Токиодо өтчү Олимпиада оюндары турат. Биз анда өлкөнүн үмүтүн актоого аракет кылабыз», — деди Тыныбекова.Сөзүнүн аягында ал мекендештерине ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Тыныбекова быйыл бир топ ийгиликтерге жетишти. Алгач Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болуп, андан соң кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды.