3-январга караган түнү Квадрантид метеордук агымы активдүүлүгүнүн туу чокусуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи кабарлады.

Саатына 110 метеорго чейин болушу күтүлүүдө. 28-декабрда башталган агым 12-январга чейин активдүү болмокчу.

Бул көрүнүшкө түн ортосунан кийин байкоо салуу сунушталды, бирок Ай толгондуктан көрүүгө тоскоолдук жаратышы ыктымал.

Аба ырайы боюнча айта турган болсок, Кыргызгидромет 2-3-январда асман ачык болот деп болжолдоп жатат. Бирок каптаган туман, ыш жана шаардын жарыгы байкоо жүргүзүүгө тоскоол болбошу үчүн калаанын чет жагына чыккан туура.