Балыкчы шаарында көп тармактуу клиника-диагностикалык борбордун жаңы имаратын курууга капсула салынды. Ага Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Улан Далиев, меценат Мирлан Исагалиев, Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу, шаардык аймактык оорукананын башчысы Талант Жумагазиев, ардагер дарыгерлер жана башка медицина тармагына кайдыгер карабаган жарандар катышты. Анда Балыкчы шаардык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгын жетекчиси Жумгал Асанбеков катышуучуларды медициналык комплексти куруунун план-долбоору менен тааныштырды. Клиника-диагностикалык борбордун курулушун каржылоо жагы Мирлан Исагалиев тарабынан колдоого алынды. Ал буга чейин да гемодиализ борборун ачып, шаар үчүн көп иштерди жасап келген. Жаңы имараттын наркы 28 миллион сомду түзөөрү белгилүү болду. Бул оруканада заманбап медициналык жабдуулар алып келиниши кутулуудо. Адистиги жогору жана тажрыйбалу медицина кызматкерлерин тартуу зарылдыгы айтылды.

Булак: Balykchy Press