Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Сиздерди келе жаткан 2021-жыл — Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы менен чын дилимден куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, кубаныч, бардык ишиңизге албан ийгиликтер, ал эми боордош элге тынчтык, мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл баарына бакыт жана бакубатчылык алып келсин!», — деп айтылат Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоосунда.

Ал эми Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Аль Сисинин куттуктоо телеграммасында төмөнкүдөй деп айтылат:

«Ушундай жагымдуу учурдан пайдаланып, Жаңы жыл биздин глобалдык көйгөйлөрдү жеңип чыгуу, баарына тынчтык жана бакубат жашоону камсыздаган келечекти тартуулоо үчүн ой-тилектерибизди ишке ашыра турган жаңы багыттарды ачат деп чын жүрөктөн үмүттөнөрүмдү билдирем. Ошондой эле, биз 2021-жылы эки элдин өз ара пайдалуу мамиле куруусуна жетишүү үчүн ондогон жылдардан бери келаткан мамилелерибизди мүнөздөөчү достук жана кызматташтык нугундагы эки тараптуу байланыштарыбыздын мындан ары кеңейишине күбө болобуз деп үмүттөнөм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында

 

Абдель Фаттах Аль Сиси Талант Мамытовго бакубатчылык, ийгилик жана Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү каалады.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Сизди келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаймын. Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык жана боордош Кыргызстан элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалаймын», — деп белгиленет Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында.

Ал эми Казакстан Республикасынын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин куттуктоосунда төмөнкүдөй деп айтылат:

«Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү салттарына негизделген өнөктөштүк мындан ары дагы эки өлкөнүн достугу үчүн чыңдалып, жигердүү өнүгө берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаев Талант Мамытовго чың ден-соолук, бакыт-таалай, бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп- өнүгүү каалады.