КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, Баткен облусунун эң алыста жайгашкан “Тамдык” чек ара заставасынын чек арачыларын, жаңы жыл майрамдары менен куттуктоо үчүн барды.
   
Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, “мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн, чек арада, эң алыста, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканыңардын өзү эле чоң эрдик, ал эми аймактын кооптуулугун эске алсак, өз өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды аябай, ыйык милдетиңерди чыдамкайлык менен аткарып, чек араны бекем коргоп турасыңар. Бул үчүн өзүмдүн жана жалпы элибиздин атынан силерге терең ыраазычылык билдирем.Силердин күжүрмөн аракетиңер менен бүгүн ар бир үй бүлө бактылуу” деп, чек арачыларга бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакыт жана жооптуу кызматтарында ийгиликтерди каалады.
Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Сай постунда турган чек арачыларды да куттуктап, белектерин тапшырды.
Ак-Сай посту Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, чыр чатак көп катталган аймакта жайгашкан.
Ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов, заставанын жана посттун шарттары менен да таанышып чыгып, алдыда чек ара заставаларынын материалдык-техникалык жактан жабдуу, чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш аракеттер жасалаарын белгиледи.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы