Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Келе жаткан 2021-жылда уюмдун 20 жылдык мааракеси белгиленет. Келе жаткан жыл эпидемиологиялык, саясий жана социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды биргелешип жеңүүнүн жана бул процессте кыргыз тараптын түздөн-түз катышуусу менен ШКУнун эл аралык кадыр-баркын мындан ары чыңдоо жагынан ийгиликтүү болот деп ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.