2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү 2021-жылдын 8-январдагы жумушчу күнүнө которулат. Дем алыш күнүн которуу тууралуу тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Чечимге ылайык, дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнү – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулат.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 3-майындагы дем алыш күнүн – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которуу сунушталат.