Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында “Бүчүр” бала бакчасынын заманбап түрдө жаңыдан курулган имаратынын ачылуу аземи болду.
100 тарбиялануучуга ылайыкташкан бакчанын имараты “Астас Строй” ишканасы тарабынан курулду. Бакчанын ички жана сырткы шарттары заманбап түргө келтирилип, жылытуу тутуму орнотулуп, керектүү катуу жана жумшак эмеректер менен камсыздалган.
Бакчанын имаратын ачуу салтанатына район акими Жуманалы Накетаев баштаган райондук жетекчилик, райондук билим берүү мекемелеринин башчылары, коңшулаш Ала-Бука районунан келген өкүлдөр жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ачылуу салтанатында алгач бакчанын имаратын курууга салым кошкон инсандарга ыраазылык иретинде “Ардак Грамоталар” жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, аларга сый көрсөтүлдү. Андан соң, бакчаны колдоо иретинде марафон уюштурулуп, анда катышуучулар тарабынан акчалай каражаттар тапшырылды. Марафондун жүрүшүндө мекеме, ишканалардын жетекчилери, айылдык депутаттар, коомдук активдүү жарандар жана айыл тургундары колдон келген акчалай жардамдарын атайы коюлган акча таштоочу үкөккө кезектешип ташташып, аны менен бирге эле бакчанын имаратынын тикеленишине салым кошкон инсандарга ыраазылыктарын билдирип жатышты. Жыйынтыгында марафондон түшкөн алтымыш сегиз миң сом акчалай каражат бакчанын жетекчилигине өткөрүлүп берилди.
Интернет булактарынан алынды.