Жаңы жыл түнү Кыргызстан боюнча эки эгиз төрөлдү. Эки кыз Жалал-Абадда, эки эркек бала Ысык-Көлдө жарык дүйнөгө келген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, өлкөдө бир сутка ичинде, тагыраагы, 31-декабрь саат 8:00дөн 1-январь саат 8:00гө чейинки убакытта 379 бала төрөлгөн. Ымыркайлардын 207си эркек, 172си кыз.

«Республика боюнча алгачкы төрөт так түн жарымда Самаркандек жалпы медициналык практика борборунда, андан кийин саат 00:05те Бишкектеги репродукция илимий борборунда, ошондой эле саат 00:15те Ош шаарындагы перинаталдык борборунда катталды. Эки келин кыз, үчүнчүсү уул төрөгөн. Балдардын салмагы 3 килограммдан ашык. Ал эми саат 00.45те Ысык-Көлдө эгиз уул-кыз, саат 00.52де Жалал-Абадда эгиз кыздар жарыкка келди», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек боюнча 67 төрөт катталып, анын 35и бала, 32си кыз болгон.