Кыргызстанда коронавирустан эки адам каза таап, 58 киши аталган инфекцияны жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 30;
Ош – 5;
Чүй облусу – 7;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 7;
Баткен облусу – 3.
Айыккандар:
Бишкек – 75;
Ош шаары – 17;
Чүй облусу – 42;
Ош облусу – 7;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 38;
Жалал-Абад облусу – 13;
Баткен облусу – 6.
Бир сутка ичинде коронавирустан Бишкекте эки киши каза тапкан.
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 214кө жетти. Анын ичинен 76 351 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 358 адам коронавирустун курмандыгы болгон.
Учурда стационарда 985 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 251 адамдын абалы оор болсо, 49 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. 1 604 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды.
Кечээтен бери эки медиктен коронавирус табылган. Бишкекте бир медицина кызматкери ооруну кызыл зонадан илештирип алса, дагы бири Ысык-Көлдөн жуктурган.