Коронавирустун жаңы түрү Түркияда да катталды. Бул тууралуу түрк саламаттык сактоо министри Фахреттдин  Кожа жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди.

Маалыматка ылайык, Түркияда катталган 15 жаран Улуу Британиядан учуп келген.

Белгилүү болгондой, коронавирустун жаңы түрү алгач Уулу Британияда катталып бүгүнкү күндө дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө жетти. Мындан улам 20дай мамлекет  Улуу Британия менен болгон байланыштарын токтоткон.