2021-жылдын 4-январь  күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын бир катар жетекчилерине онлайн жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Министр онлайн чогулушта шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартиптип сакталышы, мыйзамдуулукту сактоо жана ар кандай тартип бузууларга өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп тапшырмаларды берди.

“ИИМдин атайын буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында 8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн күжүрмөн даярдыкка өткөрүлөт. Атайын иш пландарга ылайык 11миңден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти сактоого тартылат. Бүгүнкү күнү шайлоо тилкелерине бөлүнгөн 5000 ашуун кызматкерлер аныкталып, такталып шайлоо тилкелерин толугу менен кайтарууга алышты. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында иш-чараларды  аткаруу милдеттерине көмөк көрсөтүү максатында  БШК менен иш-алып баруу үчүн ИИМдин кызматтарынан кирген жумушчу топ ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө”,-деп баса белгиледи министр.

Ошондой эле, 2021-жылдын 2-январында “Учкун” ААКнын имаратында Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн даярдалган бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтык, Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участокторго кабыл алуу жана өткөрүп берүү иш-чаралары өткөрүлдү. Ага ылайык Ички иштер министрлигинин бюллетендер ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жер-жерлерге жеткирилгендигин белгиледи.

“Учкун” ААКсы бюллетендерди тынымсыз (күнү-түнү) басып чыгаруу процессине БШКнын мүчөлөрү, БШКнын аппаратынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери курамында турган жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн. “Учкун” ААКсынын басмаканасына басылып чыккан бюллетендерди көзөмөлдөн (тестирлөөдөн) өткөрүп туруучу жабдуулардын топтому орнотулган. Коопсуздукту УКМК жана ИИМдин кызматкерлери камсыздашты.

Учурда ИИМдин кызматкерлери  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр.