Экс-президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү колониясына которулганын анын жубайы Раиса Атамбаева билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу Жаңы жылга чейин УКМКнын СИЗОсунан №47 түзөтүү колониясына которулган.

«Ал жаткан СИЗОнун камерасында суук болгон. Ал жерде дарыгерлер болгон эмес. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. 31-декабрда ага тамак-аш алып барып келдик», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Атамбаевден кабар алып, анын ден-соолугу начарлап кеткенин айткан болчу.