3-январда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров Чүй облусунун батыш тарабы, тактап айтканда Сокулук, Москва, Жайыл райондорунун жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын эли менен жолукту. Жапаров менен жолугууга аталган райондордон миңдеген жарандар келип катышышты. Алар Садыр Жапаровду жылуу тозуп алып, талапкерге көптөн бери чечилбей, көйгөй жаратып келе жаткан суроолорун берип, жооп алышты.

Чынында башка облус, райондор сыяктуу эле Чүй облусунун район, айылдарында да көйгөй жараткан маселелер арбын экени маалым. Сары-Өзөн Чүйдө молчулук болсо, элде токчулук болоорун баса белгилеген Садыр Жапаров, чогулган эл менен саламдашып, амандашкан соң, жогоруда аты аталган райондордогу көйгөйлүү маселелердин орчундууларына токтолуп, Кудай буйуруп президент болуп шайланып калса, көп жылдык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасаарын, тилеги, максаты элдин жашоосун жакшыртып, өлкөнү өнүктүрүү экенин баса белгиледи.

 

Ал белгилегендей Кыргызстандын кайсы аймагына барба көйгөйлөрдүн эң орчундуусу жол жана суу маселеси. Өзгөчө алыскы региондордо биринчи эле көзгө союздан калган, тамтыгы чыгып, чаңы көккө сапырылган эски жолдор урунат. Анан албетте, көп айылдарда таза суу көйгөйү курч. Чүй облусунда дагы мына ушундай эле көйгөйлөр жыйырма жылдан бери чечилбей, элдин бийликке болгон ишеничин жокко чыгарып келгени белгилүү.

“Президент болуп шайланып калсам, социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө бар күчүмдү жумшайм. Эң биринчи социалдык көйгөйдү чечиш керек. Аймактардын, айыл элинин жашоосу оңолсо, мамлекетибиз өнүгөт. Кудай буйурса президент болуп шайланып калсам, региондорго өзгөчө көңүл бурам. Мектеп, бала бакча, оорукана, маданият үйлөрүн жаңылоо боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр болгон. Жакшы пландарыбыз бар, республика боюнча 245 мектеп жараксыз абалда экен. Анын баарын жаңылашыбыз керек. Акырындык менен бардык маселени чечебиз. Ар бир региондун маселесин өз-өзүнчө папкага тиркеп жатам, азыр сиздер айтып жаткан көйгөйдүн баары өзүнчө папкага тиркелет. Президент болуп калсам, ар бирине кылдат көңүл бурам” — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Чүй облусу Казакстанга жакын болгондуктан, чек араны б=лъп турган Чъй дарыясынын жээктерин оңдоо тууралуу да суроолор берилди.

“Чек ара кызматы УКМКнын карамагына өттү. Чек ара — мамлекеттик иш. Ага өзгөчө көңүл бурулат” — деди талапкер.

Замир Сатаев атуу жаран “Бизде “Носоновское” деген алтын чыккан жер бар, ал жерди казганга көп чоңдор ар дайым кызыктар болуп келет, алар кенди казууга буга чейин көп жолу аракет кылып көрүштү, бирок эл казууга жол берген жок. Кен казылса экологияга чоң зыян алып келет. Президент болуп калсаңыз, ушул маселени чечип бериңиз” — деп суроо узатты.

Ага Садыр Жапаров: “Мындан ары кандай гана кен болбосун аны каздырбагыла. Жаратылыш байлыгын, кендерибизди ой келди каздырбоо боюнча мораторийге кол койгом. Ал мыйзам азыр күчүндө. Буга чейин көп кендер казылганы менен, мамлекетке жарытылуу пайда түшпөптүр. Ошондуктан, кендерди каздырбайбыз, ал эми буга чейин иштеп келген кен байлыктарга тийишпешибиз керек, алар

иштесин, мамлекетибиздин экономикасын тезирээк көтөрүшүбүз керек” деп жооп берди Садыр Жапаров.

Чогулган элдин арасында Садыр Жапаровго суроо эле бербестен, каалоо- тилек айткандары да арбын болду.

Алар буга чейинки президенттер элди айдактап, күчкө салып, же болбосо акча таратуу жолу менен жолугууга алып келсе, бул жолу эл Садыр Жапаров менен жолугушууга өз каалоолору менен келип жатышканын, ага аябай ишеним артып, үмүттөнүп турушканын, Садыр Жапаров президент болсо, өлкө оңолоорун айтып жатышты. Талапкердин эл менен болгон жолугушуусунун аягы буга чейин болуп келгендей эле аксалдын алкоо тилеп бата берүүсү менен жыйынтыкталды.

Аткаруучу: «Кадам-медиа.кж» маалыматтык порталы; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Гоголь көчөсү – 3.

Нускасы: 1. 2021-жылдын 3-январда даярдалды.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.