Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев Бишкек шаарындагы булганган абадан улам Жылуулук электр борборунда текшерүү иштерин жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына  жазып калтырды.

«Достор, азыр флагштогго барып келдим, ал жерде чакчайып күн тийип турат. А шаарда «газовая атака» болуп жатат. Кара-Кече көмүрү туура келбейт. Быша элек көмүр. Бул ЖЭБди ким өткөрүп, кимдер курса, буюрса, жооп беришет», — деп жазган Жапыкеев.