Таиландда коронавирустун жаңы жугуштуу түрү катталды. Анда вирус Улуу Британияда Таиландга келген 4 адамдан аныкталган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар ооруканада обочолонуу режиминде дарыланууда. 4 адамдан аныкталган вирустун анализдерин изилдөөнүн жүрүшүндө, штамм Улуу Британияда декабрь айында катталган вирус менен бирдей экендиги белгилүү болду. Мындан сырткары аталган вирус Кипр, Греция өлкөлөрүндө катталганы жазылат маалыматта.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.