«Ювентус» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду киргизген голдордун саны боюнча легендага айланган бразилиялык Пеледен ашты. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

«Ювентус» клубу «Удинезе» командасы менен болгон оюнда Роналду 2 гол киргизди. Мындан улам португалиялык оюнчу расмий беттештерде киргизген голдорунун саны 758ге жетти.

Ал үчүн Роналду «Спортинг», «Манчестер Юнайтед», «Реал» жана «Ювентус» клубунда 1 миң 32 оюн өткөрдү.

Ал эми бразилиялык оюнчу Пеле жалпы 812 оюн өткөрүп, 757 гол жараткан. Дүйнөдө голдордун саны боюнча чехиялык Йозеф Бицан (759 гол) сап башында турат.

Эскерте кетсек, Роналду Италиянын чемпионатында быйылкы сезондо 14 гол киргизип, футболдук чабуулчулар арасында биринчи орунда келе жатат.