Казакстанда полиция кызматкерлери Кыргызстандык тоңуп калган айдоочуларды сактап калышты. Бул тууралуу Павлодар облусунун ИИБнын расмий Instagram баракчасында маалымдалды.

Белгиленгендей, Павлодар облусунда майрам күндөрү катуу суук болуп, муз тоңот. Айрым жерлерде абанын температурасы -43 градуска жеттет.

«Эскертүүлөргө карабастан, айрым айдоочулары алыскы сапарга чыгышат. Натыйжада, төмөн температурага туруштук бере албай, унаалар чоң жолдордо токтоп турушат », — дейт ШИИБдин Патрулдук милициясынын командири Жаксылык Байысбеков.

Патрулдук милиция ротасынын инспектору Руслан Верещактын айтымында, Шидерты айылынын жанындагы Павлодар-Нур-Султан унаа жолунда трассаны кайтаруу учурунда алар жүк ташуучу унааны көрүшкөн.

«Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Казгидрометборборунун эскертүүсүнө карабастан жолго чыгышты. Биз барганда, алар жардам келээринен үмүт үзүшүп отурушуптур , алар катуу суукта, үшүк алып, тоңуп калабыз деген ойдо болушкан. Биз айдоочудан эмне болгонун сурадык. Көрсө, алар Россия Федерациясынан Кыргызстанга кетип жатышкан. Аба ырайынын кесепетинен унаадагы солярка тоңгон, алар бир түн туруп, калышкан. Аларды жакынкы кемпингге жөнөтүп, өздөрү транспортту жылытууну колго алышты. Андан кийин айдоочулар жолун улантышты », — деди ал.

Айдоочу Актилек Арзыбеков милицияга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өз сөзүндө айдоочу жолго чыгуусунун себебин — жүктөрдү өз убагында жеткирип берүү менен түшүндүргөн.