Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 млн сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн сом суммасында белгиленди.