Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда тез тамактануучу жай өрттөнүп жатканы тууралуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайда газ баллону жарылып, натыйжада өрт чыккан.

«Тилсиз жоо саат 15:28де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган 11 адам ар кандай жараат менен Кара-Буура аймактык ооруканасына жеткирилген. Төртөөнүн абалы оор деп бааланууда. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.