Бүгүн, 5-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 85 миллион 637 миң 904 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 47 миллион 97 миң 595 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 852 миң 79 (+9587) адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 20 миллион 805 миң 262 болду. 353 миң 371 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 340 миң 969 адамдан аныкталды. 149 миң 649 адам каза болсо, 9 миллион 946 миң 867 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 7 миллион 753 миң 752 адам вируска кабылган. 196 миң 561 бейтап көз жумса, 6 миллион 950 миң 45 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.