Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, кырсык айылдын Пушкин көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 13 чарчы метр жыгач полу жана жумшак керебет күйүп кетти.
Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында үйдүн короосунда жыйылган 500 даана пластик черепица өрттөндү.
Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жалпы аянты 45 чарчы метр болгон иштебеген нан бышыруучу жай толугу менен күйүп кетти.
Ысык-Ата районунун Милянфан айылында үйдүн 3 чарчы метр жыгач шыбы өрттөндү.