Калааны каптаган кара түтүн тууралуу, Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат булактарынын бирине маек берди.

Анын айтымында, шаарды каптаган кара түтүндү экиге бөлсө болот.

«Экологдордун далилденген илимий чечимдерине таянуу менен биринчи себеби көмүр десек болот. Мындан тышкары Бишкекти каптаган кара түтүндүн келип чыгуу себептерин экиге бөлсөк болот. Биринчиси антропогендик (адамдардын таасири) жана атмосферанын таасири. Антропогендик таасирлерге: жаңы конуштардагы көмүр менен үйлөрдү жылытуу, унаалардан жана ЖЭБде чыккан түтүн. Мында баары чогулуп келип, жогорку атмосфералык басым муну тышка айдап чыкпай кара түтүндү шаарга калпак сыяктуу кийгизип койгон. Муну негизги көйгөй деп билсек болот», — деген шаар мэри Балбак Түлөбаев.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаарды каптаган ыш боюнча пикирин билдирип, калаадагы кара түтүндү быйыл токтотуу мүмкүн эмес экендигин айткан.