Ысык-Көл облусунда мектеп жана бала бакчаларды 11-январдан баштап ачуу пландалууда. Бул тууралуу Караколдогу санэпидкөзөмөл борборунун директорунун орун басары Кулушкан Тайлакова билдирди.

Анын айтымында, облустук штабдын чечими эпидемиологиялык абалга жараша болот.

«Эпидкырдаалга байланыштуу мектептер салттуу түрдө окутууга өтөт. Учурда коронавируска кабылгандардын саны кыскарды. Ошондой эле «кызыл зоналар» жабылды. Буга карабастан санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керек», — дейт ал.

Тайлакова белгилегендей, облустагы ЖОЖ, кесиптик окуу жайлар Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен иштей баштайт.