Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаров жаңырган жылды жаштар менен жолугушуудан баштады. 4-январь күнү Бишкек шаарында туруктуу, калыптанган жарандык позициялары бар, мамлекеттин коомдук-саясий турмушуна кайдыгер карабай, кайсы тармак болбосун изденүү менен активдүү иш жүргүзгөн жаштардын “Кыялымдагы келечек!” – деп аталган форумуна катышып, сөз сүйлөдү.

    

Ооба, Кыргызстанда активдүү, илим-билимге сугарылган, жаңылык жаратууга дилгир муун өсүп келе жатат. Жүздөгөн жаш мекендештерибиз жер жүзүндөгү эң алдыңкы окуу жайларынан билим алып, өздөрүнүн акылдуулугу, ойлоп табуулары менен дүйнө элдерин таң калтырып, ири ишканаларда иштеп жатышат. Саат санап өнүгүп жаткан жаңы технологиянын, IT тармагынын агымы менен тең агып, бар күчүн билим алууга жумшап, изденүүнүн үстүндө жүргөн жаштарыбыздын бул кадамы биздин күнөстүү Кыргызстаныбыздын келечегинин кенендигинен кабар берет. Садыр Жапаров бул жаатта жаштарга төмөндөгүдөй кайрылуу жолдоду;

“Дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайларда билим алып, мыкты адистикке ээ болуп, өлкөбүздүн бардык тармактарында, эл аралык ири компанияларда ийгиликтүү иштеп жаткан жаштарыбыз көбөйүүдө. “Билимдүүгө дүйнө – жарык” деген нуска сөз бекер айтылган эмес. Силер, жаштар, канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык, ошончолук жолуңар ачык болот. Биз — кен байлыктын эмес, акыл-эстин, билимдин эсебинен жаркын келечегибизди курабыз!” – деди.

Өздөрүнүн дилгирлиги, бай идеялары, умтулуусу менен алга озуп чыгып, бир катар мектептерди ачкан, туризм жаатында активдүү иш жүргүзгөн жаш ишкерлер өздөрүнүн тажырыйбасын жана алдыдагы аткара турган мастждабдуу иштери менен катышуучуларды тааныштырышты.  Андан соң талапкер менен форумдун катышуучуларынын ортосунда пикир алмашуу орун алды. Форумдун катышуучулары өздөрүнүн суроолорун, сунуштарын айтууга шарт түзүлдү. Суроолордун басымдуу бөлүгү кадр саясаты, миграция, турак-жай жаатында болду. Ар бир суроого токтолуп, кенен жооп берген Садыр Жапаров элдин колдоосуна ээ болуп, жеңишке жетишсе эң биринчи кадамы жаштар саясатын колго алаарынбилдирди. Өлкө аймагындагы жана сыртка чыгып кеткен билимдүү, идеяга бай жаштарды кайра Кыргызстанга алып келипачык сынак жарыялап, андан өткөн өкүлдөрдү жооптуу мамлекеттик кызматтарга дайындоого, алардын билиминин жардамы менен өлкөнү саясий, экономикалык, руханий кризистен чыгарууга аракет көрөөрүн кошумчалады.

Аталаган форумга жалпысынан 240 өкүл, андан тышкары Россия, Түркия, Түштүк Корея өлкөсүндө окуп жана эмгектенип  жүргөн мигрант жаштар on-line түрүндө катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

 

Аткаруучу: «Кадам-медиа.кж» маалыматтык порталы; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Гоголь көчөсү – 3.

Нускасы: 1. 2021-жылдын 5-январда даярдалды.

Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.