Американын 82 жаштагы тургуну Барбара Гатри Лэй Рождество майрамынын алдында (25-декабрь) дарыгерлер тарабынан коронавирус жуктургандан кийин каза болду делип, бирок кайра тирилген. Бул тууралуу «Нью-Йорк Пост» басылмасы жазып чыкты.

Барбара коронавирус жуктургандан кийин дем алуусу начарлап, 20-декабрда ооруканага түшкөн. 2 күндөн кийин дарыгерлер аны каза болду деп, уулу Том Келлиге кайгылуу кабарды угузушкан.

Андан соң Барбаранын жолдошу окуя тууралуу туугандарына айткан. Бирок бир нече мүнөт өткөндөн кийин Том Келлиге ооруканадан телефон чалышып, апасынын жүрөгү кайра согуп баштаганын билдиришкен.

«Дарыгер катары болгон окуяны айтып берүү үчүн бир гана сөз бар — керемет», — деди Том Келли.

Барбараны интенсивдүү терапия бөлүмүнөн жалпы палатага которушту. Ал окуя тууралуу азырынча билбейт.

«Барбара 101 жашка чейин жашоону пландаганын айтып келет», — деди анын таанышы.