Президенттик аппараттык маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов
“Кылым шамы” укук коргоо борборуна, жетекчиси Азиза Абдрасуловага жооп берди.
Текстти толугу менен беребиз:
«Урматтуу Азиза Папановна,
Бүгүнкү мага жолдогон кайрылууңузду кунт коюп окуп чыктым.
Менин 3-январдагы “Мыйзамсыздык үчүн марштын” талаптарына байланыштуу билдирүүмдү негиз кылып, ээлеген кызматымдан пайдаланып жаткандай түр көрсөтүп, айыптап чыгыпсыз.
Ошол эле учурда, Конституцияны бетке кармап, демократиялык баалуулуктар, адам укуктары жөнүндө узун сабак сөз кылган экенсиз.
Биринчиден, менин кайрылуумдун кайсы жеринде сиздин уюм айткандай, адамдардын тынч чогулуштарды өткөзүүсүнө тыюу салуу же каршылык айтылыптыр? Бул жерде кеп – коомчулукка туура эмес маалымат жеткизүүнү токтотуу чакырыгы жөнүндө гана болуп жатат. Ар бир адамдын өз оюн айтууга укугу бар, аны танбайбыз, бирок ошол эле учурда коомчулукка туура эмес маалымат берип, дүрбөтүү туура эмес көрүнүш болуп эсептелет. Эмне максатта ошондой маалыматтарды таркатып жатат, айтуу кыйын. Бирок, өлкө президентин шайлоо алдында турган кезде – элдин тандоосуна таасир этүү аракети жүрүп жатканын эч ким тана албайт. Элге тандоо укугун өзүнө бериш керек. Коомчулукту адаштырып жүрүп, ушундай оор абалга келдик, революциялар болду.
Экинчиден, “Мыйзамсыздык үчүн” маршка чыкканда административдик ресурстун колдонулуп жатканын эч бир фактысы жок айтып чыгуу менен, эмне максатты көздөп жатышат? Мен өз сөзүмдө бул туура эмес экенине басым жасадым. Себеп дегенде, бардык мамлекеттик чиновниктерге шайлоого кийлигишпөө жаатында катуу тапшырма берилген. Эгерде кимдир-бирөөнүн шайлоого кийлигишүү фактысы аныкталса, мыйзам жүзүндө ага катуу чаралар көрүлөт. Биздин бүгүнкү максат – шайлоонун таза өтүшүн, ачыктыгын камсыз кылуу. Бул багытта бардык шарттар түзүлдү. Бардык талапкерлер бирдей укукта шайлоо кампаниясын, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Мурдагыдай жыйын уюштурууга тоскоолдук кылуу, светти өчүрүп коюулар бир да жерде болгон жок.
Үчүнчүдөн, сиз дагы коомчулукка, мени “тынч демонстранттарды деструктивдүү күчтөр деп атады” деп калп айтпаңыз. Мен жалпы деструктивдүү күчтөр тууралуу айткам. Андан кийин гана марштын уюуштуруучуларына жалган маалымат таркатпоо сунушумду билдиргем.
Төртүнчүсү, сиз, Азиза эже, ар дайым чындык, адилеттүүлүк, акыйкаттуулук үчүн күрөшүп жүрдүңүз. 2011-2012-жылдары митингдердин уюштуруучусу болгонумду айтып чыгыпсыз. Сиз тиркеген маалыматтарда андай факт жок. Ошол учурдагы мыйзамсыздыктар тууралуу, эл катарында Сиз дагы айтып жүргөн учуруңуз унутулуп калса керек. Ал кездеги саясий окуялар менен азыркыны салыштырбаңыз. Ал кездерге салыштырмалуу, бүгүнкү күндө ар ким өз оюн эч тоскоолдуксуз айтып жатат. Сиз азыр коргоп жаткан жөө жүрүшкө ошол кездеги бийлик болгондо, чыга алышмак эмес, аны жакшы билесиз. Учурда эч кимдин укугу бузулган жок, сиз бетке кармаган Конституциялык укуктар толук сакталып жатканын тана албайсыз…
Ошондуктан, жөн гана, түз жерден саясат кылбай эле койсоңуз жакшы болот эле…» — деп жазылган.