2021-жылдын 2-январь күнү, ватсап социалдык тармагы аркылуу БШКнын ыкчам аракеттенүү Ош координациялык тобуна «Общее дело» коомдук фонду тарабынан, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылында спортсмен балдар ар бир үйгө киришип, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Жапаров шайлоодо добуштун көбүн албаса жана өтпөй калса күч колдонулат деп коркутушканын кабарлаган.

Аталган маалымат 2020-жылдын 3-январында Кара-Суу РИИБдин  МЭЖне  катталган.

Окуя боюнча тергөө-ыкчам тобу Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында текшерүү иштерин жүргүзүшүп, текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагынын Киров айылынын айыл башчыларын жана жашоочуларынан түшүнүк каттары алынган. Алар өз көрсөтмөлөрүндө Киров айылында эч кандай спортсмен балдар келишпегенин, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Жапаров шайлоодон өтүшү керек, өтпөй калса күч колдонулат деген маалымат жалган экендигин жана айылда эч кандай шайлоо боюнча коркутуп үркүтүүлөр болбогонун билдиришкен.Ошондуктан “Общее дело” коомдук фондунун өкүлдөрү тергөөгө чакырылып аларга Ватсап аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөн жарандарды аныктоо боюнча жардам көрсөтүү үчүн суранган. Эч кандай тосмо арыз жазуу боюнча маселе болгон эмес.

Ватсап аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жөнөткөн белгисиз атуулдарды тактоо иштери улантылууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы