«Арадан эки кылым өтсө дагы,
Көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары»
Үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, жазма акын Молдо Нияздын 2023-жылы 200 жылдык мааракесин утурлай «Арадан эки кылым өтсө дагы, Көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары» аттуу иш-чарасы өтөт.
Иш-чара Бишкек, Ош, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларынан акындын чыгармачылыгына илим изилдөөчү илимпоздор, окумуштуулар, аалымдар жана тарыхчылардын катышуусунда болот.
Мындай маалыматты «Молдо Нияз мурастары» коомдук фонду бөлүштү.