Айтурган Темирова: Болот Шамшиев талапты жогору койгон режиссёр эле
«Болот Шамшиев талапты абдан жогору койгон режиссёр эле. Кино – бул анын стихиясы болчу», — дейт КРдин эл артисти Айтурган Темирова. СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Айтурган Темированын «Kereez.kg» сайтына берген интервьюсун жарыялайбыз.
— 20 жылдан бери Чехияда жашап жатасыз. Сыртта жүрүп да кыргыз киносуна баам салып жүрсөңүз керек?
— Азыр бир жылда 50-60 тасма тартылып калганы жөнүндө кабарым бар. Бул албетте кубандырат. Союз мезгилинде бир жылда 2 даректүү, 2 көркөм тасма тартылчу. Бул тасмалардын сапаты абдан жогору эле. Ал кезде “Кыргыз кереметине” чындыгында дүйнө суктанчу. “Кыргызфильм” дүйнөгө дүңгүрөп турган мезгилде ошого жараша база болгон эмес, тилекке каршы. Камера, пленкалар Москвадан алынып турган. Тасма тартылып бүткөндөн кийин кайра Москвага жиберилип, ошол жактан монтаждалып келчү. Бизде болгону администрация эле иштеди. Ал эми казактар же өзбектер өздөрүнүн искусствосуна абдан олуттуу көңүл буруп, аны өнүктүрүүгө жакшы салым кошушкан. Аларда мыкты камералар, абдан чоң тасма тартчу павильондору бар эле. А бизде мындай мүмкүнчүлүк жок болчу. Аларда баары бар, бирок режиссерлору жок болчу. Төлөмүш Океевди, Болотбек Шамшиевди чакырып кетишчү. Биздин режиссерлор казактарга же өзбектерге барып келгенде, ал жактагы түзүлгөн шарттарды айтып тамшанышчу. Биз бир жылда 2 фильм тартсак дагы, дүйнөгө дүң боло турган тасмаларды жаратып турганбыз. Мына ушундан улам “кыргыз керемети” пайда болгон. Азыр болсо кыска метраждуу тасмаларды кошуп алганда бир жылда абдан көп тасма тартылып калды. Бирок, сапаты кайда? Кино департаменти жөн гана кагазда санын көрсөтүп койгону болбосо, аны искусство деп айтууга болбойт. Бул жөн гана коммерция. “Кыргыз кереметинин” жаратуучулары кассага иштеген эмес, алар чыныгы искусство үчүн иштешкен. Тасмалардан түшкөн каражат мамлекеттин эсебине которулуп, киночуларга сый акы эле төлөнүп берилип турган. Мыкты тасма тарткандардын даражасы көтөрүлүп, орден же медаль берилген. Азыр болсо кино тарткан командада кесипкөй адистер дээрлик жокко эсе. Киночулар таарынбай эле койсун, кыска мөөнөттүү курстарды бүтүп алып эле кино тарткан болбойт. Азыркы замандын техникасы менен не деген эмгектерди жаратса болот. Тилекке каршы, кесипкөй киночулардын аягы суюлуп баратат. Искусствого олуттуу мамиле керек.
— Мурда тасма тартылаар алдында көп убакыт даярдык да жүргөн. Жадагалса, ар бир эпизодду колго сүрөткө тартып чыгышкан экен…
— Биздин учурда алгач адабий сценарий, андан соң кино сценарий жазылчу. Болотбек Шамшиев сценарий жазганда ар бир кыймылды ойлончу. Ар бир эпизодду мен аткарып көрүп, убакытын да эсептеп чыкчу. Ошентип, тасманын хронометражын чыгарчу. Азыркы режиссерлор жөнөкөй дептерге жазылган сценарийди көтөрүп келген учурлар болду. Мен муну башында тамаша катары кабыл алчумун. Тасма тартылып жаткан учурда көп эпизоддор өзгөрүп кетет. Бул кино эмес да, бул искусствого жатпайт. “Сизди тартып калалы, бир жуманын ичинде бүтүрүп коёбуз” деп көп айтышат, мындай болбойт. Тартылып коюп, үйгө жеткенче афишасы чыгып калат. Мүмкүн мезгилдин талабыдыр, мүмкүн азыр ушунчалык күчтүү режиссёрлор чыгып кеткенби деп коём… Болотбек Шамшиевдин тасмаларын алып карасак, актёрлордун ар бир кыймылы бул — Болоттун кыймылы. Муну тастыктаган сүрөттөр да бар. Шамшиев алгач өзү ойноп, көрсөтүп берчү. Болотбек Шамшиев менен 25 жыл бирге жашап, дем алганынан бери билем. Бирге канча сценарий жаздык, канча эпизоддорду ойнодук, канча эмгек жараттык. Ар бир актёрдун кыймылында, сөзүндө, көз карашында Болотбекти көрүүгө болот. “Ак кемедеги” Нургазы, Момун, Ороскулдун образы – бул Болоттун образдары. Эпизодду тартаардын алдында өзү ийне-жибине чейин көрсөтүп берчү. Таланттуу режиссер гана эмес, таланттуу актер да болчу. Ал эгер кинодо роль жаратса, ар бир эпизоду үчүн сыйлык алмак. “Манасчы” даректүү тасмасын алалы. Саякбай Каралаев өзү тасмадагыдай отуруп, ошондой кыймыл-аракет менен Манас айткан эмес. Каралаевдин образын ийне-жибине чейин Болотбек Шамшиев иштеп чыккан. Манас айтып жатканда шилекейи чачырап кеткен кыймылдар да режиссёрдун көз карашы. Ар бир мимикасын иштеп чыккан. Муну көпчүлүк билбейт. Ошол эле Сүймөнкул Чокморов. Чокморовду элге тааныткан да Болотбек Шамшиев болгон. Экөө жолукканга чейин Сүймөнкул Чокморовду көп режиссёрлор чакырып, бирок жактырбай жүрүшкөн экен. Ал мезгилде Шамшиев “Караш караш окуясынын” сценарийин жазып жүргөн. Режиссер катары Бактыгулдун образын элестетип, көңүлүнө түйүп жүрсө керек. Театрлардан актёрлорду караштырып, бирок жүрөгүндө жашап жаткан Бактыгулду таппай жүргөн. Анан эле “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында өтүп баратып аялдамада турган Чокморовду көрүп калат. Бактыгулдун образы дароо көз алдына тартылып, Сүймөнкулга ушул ролду сунуштайт. Бирок, ал буга чейин канча кастингге барганын, бир да ролго алынбаганын айтат. Ага да болбой Шамшиев Чокморовду үйгө алып келип 3 ай актёрдук чеберчиликтин сырларын үйрөтөт. “Караш караш окуясы” тасмасы экранга чыккандан кийин Сүймөнкул Чокморов “Мыкты эркектин ролу” сыйлыгына татыган. Кишинин талантын ачып берүү ар бир эле режиссёрдун колунан келе бербейт. Бул талант Болотбек Шамшиевде абдан жакшы өрчүгөн эле. “Адамда ийилчээктик болсо эле андан түрдүү образды сууруп чыкса болот”, — деп айтып калаар эле. Ар бир актерду ар тараптан ачып бере турган таланттуу, залкар инсан эле.
— Болотбек Шамшиев акыркы 30 жылда тасма тартпай калды. Кино тартып жүргөн учурда деле бир топ кыйынчылыктар болгонун кулагыбыз чалып калат…
— Болот талапты абдан жогору койгон режиссер эле. Кино – бул анын стихиясы болчу. Акыркы 30 жылда тасма тартпай кантип жашап жүргөнүнө таң калган жайым да бар, чындыгында. Бул учурда да бош отурбай китеп жазып, бир канча эмгектери жарык көрдү. Шамшиев кино тартып баштаганда, команда топтоо жараянына абдан олуттуу көңүл бураар эле. Жадагалса, айдоочуларга чейин кылдат тандап алып жүргөн. “Шамшиевдин тасмасына тартылгандан кийин бир чоң окуу жайды бүтүп чыккандай болосуң”, — деп актерлор бекеринен айтышпайт эле да. Баштаган ишин аягына чыгарган режиссер эле. Уктабай да койчу. Түнү менен монтажда отура берчү. Ар бир деталга көңүл буруп, керек болсо гримди да өзү койчу. Кийимдердин топчусуна чейин карап чыкчу. Ал эми эптемей жумушка көнүп алган адистер албетте муну жактырчу эмес. Ошондуктан, Шамшиевдин кинодогу ишмердүүлүгү тууралуу да жакшы сөз айткан киши аз болду окшойт.
— Болотбек Шамшиевдин акыркы чыккан китептерин окуп көрсөк, Шамшиев таланттуу режиссёр же актер гана эмес, таланттуу жазуучу да экенине күбө болобуз…
— Ооба. Чыңгыз Айтматов менен сценарийдин үстүнөн иштеп жүргөндө, Айтматов аны адабиятка көп жолу чакырды. Шамшиев болсо убакыт тардыгын, мезгили келгенде сөзсүз түрдө жазмакерликке баш багаарын айтып калчу. Убакыт жетип, адабиятка да салым кошуп кеткенине абдан кубанам. “Эсимде” китебин Шамшиевдин шедеври деп эсептейм. Көп тааныштарым окуп чыгып, уландысын сурап жүрүшөт.
— Сиз казактардын “Мергенчи” тасмасына тартылгансыз, боордоштор менен байланыш барбы?
— Албетте бар. Казакстанда жыл сайын 9-майга карата “Мергенчи” тасмасы бардык телеканалдардан көрсөтүлөт. Ошондуктан, боордоштор ар кандай иш-чараларга байма-бай чакырып турушат. 3 жыл мурда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев II даражадагы “Достук” ордени менен сыйлады. Андан башка көптөгөн сыйды көрүп жүрөм. Абдан ыраазымын.
— Кыялыңыздагы образ?
— Болотбек Шамшиев “Манасты” трилогия кылып тартам деген максатта жашады. Мен анда жашмын. Айчүрөктүн образын жаратам деп абдан толкунданып жүрдүм. Убакыт өтүп, Каныкейдин ролун эңсеп баштадым. Менин кыялымдагы образдар ушулар эле. Бул мүдөө ишке ашпай калды, кыялдар орундалбай калды. Бирок үмүт өчпөйт экен, эми “Манас” тартылса мүмкүн, Чыйырдынын образын жаратып каламбы деп күлүп калам. Ошентсе да, жараткан образдарым, ролдорум менен сыймыктанам. Белгилүү режиссёрлордун кинолорунда тартылдым, көрүмдүү тасмалар болду. Кыргыз киносунун өнүгүшүндө салымым бар, ошондуктан кылган эмгегим үчүн өзүмө-өзүм абдан ыраазымын.
— Театрга чакырыштыбы?
— Чакырышты. Билесизби, театрдагы киши туруктуу ошол жерде иштеши керек. Командировка, гастроль көп болот. Ошондуктан, шартыма туура келбеди. Анүстүнө, азыр мен чоң энемин, таенемин, апамын, жубаймын. Европадан Кыргызстанга жай мезгилинде гана келем. Бул убакты балдарым, неберелерим менен өткөргүм келди. 30 жылдан ашык чыгармачылыкта болдум, көп образ жараттым. Эми өзүмдүн жеке ролумду аткарууну чечтим.
— Бирок, баары бир чыгармачылыкты таштабапсыз…?
— Ооба, Европада да жөн жүргөн жокмун. Эл аралык фестивалдарда калыстык кылып жүрөм. Ыр жаздырып, альбом чыгардым. Жолдошум экөөбүз спорт менен алектенип, дүйнө кыдырып саякаттап жүрөбүз.
— Жолдошуңуз жөнүндө айта кетсеңиз?
— Жолдошум менен 20 жылдан бери жашап жатабыз. Кыргызстанда таанышканбыз, ал Борбордук Азияда көп иштегендиктен тилди да, каада-салтыбызды да жакшы билет. Абдан активдүү жашоо образын карманат. Илимдин доктору, альпинист, велосипедчи. Кыргыз элине болгон сый-урматы бийик инсан.
— Киночуларга кандай каалооңуз бар?
— Мен табиятымдан оптимисттик көз караштагы адаммын. Ошондуктан, кыргыз киносунда келечекте коммерциялык максатта эмес, искусство үчүн иштеген Төлөмүш Океев, Болотбек Шамшиев, Мелис Убукеев сыяктуу таланттуу, залкар инсандар өсүп чыгат деп ишенем. Азырынча, кыргыз киносунда тыныгуу болуп жаткансыйт…
Булак: kereez.kg