31-декабрда кайненем менен мамилем бузулду. Жолдошумдун ата-энеси улгайган адамдар. Мен үй иштеринде колумдан келишинче жардам берем. Таттуу патуу бышырам, тамакты түрлөп жасайм, огороддо да жардам берем. Айтор бардык тиричиликти жасайм. Кайненем уулун кызгангандай болуп анча мынча кырданып калган мамилесин сезип, көрүп жүрчүмүн.
31-декабрда күйөөм экөөбүз дасторконго керектүүлөрдү алуу учун базарга барганбыз. Кайненем тизмеге кошулбай калган бир нерсени айтуу үчүн мага телефон чалды. Бирок, айтып бүткөн соң телефонун өчүрбөй сүйлөп жатты. Мага сүйлөп жатат го деп тыңшап калдым. Кайненем жаңы жылда куттуктап келген кызына мени абдан жамандап жатыптыр. Мен тамак эле жегенди билген неме экенмин. Эчтеке кылбайт экемин. Кирлерим додо болуп, кайненем менин артымдан дайыма жыйнап тазалап жүрүп чарчаптыр.
Күйөөм да апасынын телефондо айтып жаткандарын угуп өңү абдан бозоруп кетти. Кайненемдин айтып жаткандарынын баары жалган болчу. Үйгө келгенде кийимдеримди алдым да кетип калдым. Жолдошум да мени ээрчип үйдөн чыгып кетти. Кетип жатканда апасына баарын айтты. Ал «Мечитке барып, сыйынып жүрүп кантип калп айтасын!» деп чыгып кетти. Апасы «Аялын кайдан угуптур, ал үйдө жок эмес беле!» деп кыйкырынган бойдон калды. Мен эми эмне кылышым керек? Кайненемди көрөйүн деген көзүм жок.
Макала «Психологдор» сайтынан алынып кыргызчаланган. Интернет булактарынан алынды.