Бүгүн президенттикке талапкерлердин теледебатынын экинчи туру башталат. Аны Коомдук телерадиокорпорациясы түз эфирде көрсөтөт.

Дебаттардын экинчи туру 6-7-8-январь болуп үч күнгө созулат. Андан соң талапкерлерге бөлүнгөн акысыз эфирдин убактысы аяктайт.

Бүгүнкү дебаттын катышуучулары:

Анткен менен айрым талапкерлер ар кандай себептер менен теледебатка катышпай калган да көрүнүштөр болууда. Биринчи турдун экинчи күнү Садыр Жапаров келген эмес. Ал мунун себебин аймактардагы жолугушуулардын тыгыз графигине байланыштырган. Ушундай эле себеп менен дал ошол күнкү дебатка Рашид Тагаев дагы катышкан эмес. Бирок эртеси ал президенттик жарыштан баш тартканын жарыялаган.

Белгилей кетсек, дебаттардын биринчи туру узаган жылдын декабрь айында өткөн. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасын аныктай турган референдум 10-январга белгиленди. Ажолукка 17 талапкер ат салышууда.