Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде өлкөдөгү шайлоо жана референдум алдындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп турган, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн координациялоо жана алардын башка мамлекеттик түзүмдөрү менен өз ара аракет кылуусу боюнча ыкчам штаб иштеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат өтөө вариантына өттү. 2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттери иштелип чыкты.

Эң башкысы шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында табуу жана алдын алуу боюнча иш-чараларга басым жасалууда.

Мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилеринде терроризмге каршы коргоону чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен биргеликте террористик жана диний-экстремистик уюмдардын мүчөлөрүн табуу максатында жарандардын кирүү-чыгуу каналдарында чыпкалоо иштери, ошондой эле чек ара жанындагы аймактарда жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо иштери жүргүзүлүп жатат.

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий стабилдүүлүгүн сактоо жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жигердүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жана референдум учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга жана дестабилдештирүүгө алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырат.

Эсеркте кетсек, чагымчыл маттериалдарды тараткандар, КР мыйзамдарынын чегинде жоопко тартуу каралган.