2021-жылдын 4-январында түн ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы жашоочусунун (аял киши) үйүнө беттерине кара түстөгү бет кап тагып, колдоруна медициналык ак кол кап кийген 2 белгисиз атуул кирип, ашканадагы бычак менен коркутуп, анын колу-бутун байлап, эркине каршы күч колдонуп, үйүндөгү 100 миң сом акчасын жана баалуу алтын буюмдарын алышып белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.


Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам кызматкерлери жана милициянын уполномоченныйлары тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштын изи сууй электе 6-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 31 жаштагы К.Н., Ноокат районунун жашоочусу 32 жаштагы Р.Р. жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу 26 жаштагы Н.А. аныкталып кармалышты.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 31 жаштагы К.Н., Ноокат районунун жашоочусу 32 жаштагы Р.Р. мурда оор беренелер менен соттолгондугу аныкталды.
Азыркы учурда кармалган шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы