Алдыдагы шайлоого байланыштуу 6-январга карата мыйзам бузуу боюнча жалпы 50 факты келип түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 15, Ош облусунда 16, О шаарында 2, Жалал-Абадда 4, Таласта 2, Чүйдө 7, Ысык-Көлдө 3, Нарында 1 факты катталган.

“Алардын ичинен 15и Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө. Калган 35и электрондук журналга киргизилген. 9 кылмыш иши боюнча тергөө иши жүрүп, 6 иш кыскарган. Ал эми добуш сатып алуу боюнча 5 иш түшүп, төртөө кыскарган. Уурулук боюнча Сузакта катталып, тергөө иши жүрүүдө. Ээнбаштык боюнча 2 факты катталган болсо, бирөө кыскарган. Жоруктар боюнча 6 иш келип түшкөн, анын төртөөсү кыскарган», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.