Бүгүн Ош облусунун жана Ош шаарынын регионалдык экономикалык өнүктүрүү боюнча кеңешмеси болуп өттү. Ага КРдин вице премьер министри Равшан Сабиров, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов, Мамлекеттик курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттиги, КРдин энергетика, өндүрүш, кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү, Ош шаардык мэриясынын адистери, райондордун акимдери, орун басарлары, ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышышты.

Равшан Сабиров: «Мен эмне үчүн Ош келип жатам. Ош облусунун башчысы Жарасул Осмоналиевичти мыкты өндүрүшчү адис катары билем. Ош облусунун аймагында өндүрүш, кайра иштетүү, курулуш боюнча ишканаларды ачып, ошол тажрыйбаны башка облустарга жайылтууну колго алабыз» – деп белгиледи.

Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов: «Урматтуу жетекчилер, Сиздер сунуштаган тендер боюнча комиссияга дүйнөдөгү бараандуу компаниялар катышпайт, караганы убактысы жок. Тендер, социалдык мекемелерге жеткирүү үчүн ыңгайлуудур, бирок, өндүрүштүк, кең иштетүү көлөмдүү тармакта даяр сунуш менен олуттуу, репутациясы жакшы компанияларга өзүбүз чыгып сунуштап кызматташуу керек. Антпесе, аты, дареги жок ишканалар тендерден утуп, ишин аткарбай, жылдап соттошкон учурларды көрүп жүрөбүз», – деген оюн сунуштады.

» Центр конкурентоспособности агробизнеса» мекемесинин директору Т. Беков:» Ош облусунун аймагында агробизнес тармагына Дүйнөлүк өнүктүрүү банкынан 60 млн АКШ доллары (30млн — агрардык тармакка, 30 млн- туризм) көлөмүндө каражат бөлүнду. Биз аны максаттуу пайдалануу керек. Анткени, Ош облусу азык-түлүк коопсуздугу боюнча кооптуу, 40-70% гана камсыз кыла алат. Ошондуктан, биз да Кокон-Ош-Букара багытында агро класстер түзүп жатабыз».
Алар Ноокат районунда алманы Россияга, Араван районунда Кокон гиласти Кытайга экспорттоо үчүн борборлоштурулган логистикалык борбор ачуу долбоорун сунуштады. Заманбап фитосанитардык көзөмөлдөөнү ошол жерден бекитип, маркировка менен өзгөчө бажы зонасын уюштуруу зарылдыгын белгиледи. Ал үчүн каражат бар, Өкмөттүн колдоосу керек экендигин билдиришти.

Жарасул Абдураимов региондорду өнүктүрүү ар бир облуста өзүнчө эмес, алакада комплекстүү жүргүзүлүшү зарыл экендигин бергилеп: «Таш-Көмүрдө кристалл чыгаруучу заводдун базасында тери иштетүү завод ачуу-зарылдык. Анткени, ошол жердеги тазалоочу механизм ошого ылайык. Ар бир районго кабыл алуу пункттарын ачуу менен сырье топтолот. Бул Ош облусунун эмес, Жалал-Абад облусунун эмес, Өкмөттүн улуттук программасы болуш керек», — деди.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы