Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек шаардык жана Чүй областтык ИИББнын жетекчилик курамы менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерин текшерүүгө алып, аталган маселеге байланыштуу жергиликтүү милиция жетекчилери менен чогулуш өткөрүп, учурдун маанилүү маселелерин талкуулады.


Октябрь Урмамбетов алдыда боло турчу шайлоо учурунда Чүй областтында жана Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту өзгөчө жогорку денгээлде көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоону талап кылды. Ошол эле учурда кызматкерлерди шайлоо күнү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жана алардын кызмат өтөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарылдыгын белгиледи.
Чүй областынын жана Бишкек шаарынын милициясынын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар боло турган болсо, өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы