Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоочулардын канча пайызы добуш берсе референдум өттү деп тааныларын айтты.

Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы шайлоочулардын кеминде 30%ы шайлоого катышса, анда башкаруу формасы боюнча референдум өттү деп таанылат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт. Ал күнү кыргызстандыктар башкаруу формасын аныктоо үчүн да добуш беришет.