Калк арасында жеңилдиктерди жаратуу, ошондой эле аларга шарт түзүп берүү максатында Баткен облусундагы Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жана Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнө ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси ички иштер органдарын реформалоонун колдоосунун негизинде пилоттук түрдө киргизилген милициянын көчмө кабылдамаларын тапшырган.
Бул көчмө кабылдаманын милдети милицияны эл менен жакындатуу жана район, шаардын алыскы аймактарына атайын түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз алыскы айыл жерлерине чыгуу менен элдердин арыздарын, сунуштарын кабыл алуу.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунда Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда, Кызыл-Кыя шаарында милициясынын көчмө кабылдамасы толук кандуу иштейт. Шайлоо астында коомдук коопсуздукту сактоо максатында милициянын көчмө кабылдамалары укук бузуулардын алдын алуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. 2021-жылдан бери Кадамжай районундагы Көтөрмө, Орозбеков, Халмион айыл аймактарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугуулар өткөрүлдү.
Ал эми 2020-жыл ичинде 692 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 2722 атуулду кабыл алышкан. Анын ичинен 431 атуул ар кандай мазмундагы арыз-даттануу менен кайрылган. 198 кайрылуу коопсуздук боюнча кайрылуу жасашып жеринде чечилген.
Мындан сырткары пандемия маалында жер-жерлердеги алыскы аймактардагы жашаган элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө да көчмө кабылдамалардын жардамы болгон.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы