Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 2-декабрында кабыл алынган.

Аталган Протокол менен Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 321-беренесинин 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасынан өтүүдө жеке багажы текшерүүгө жатпай турган адамдардын тизмеси такталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.