Баткен облусунда 2021-жылдын 10-январындагы КРнын Президентине
мөөнөтүнөн мурда өтүүчү шайлоого жана КРнын мамлекеттик башкаруу
формасын тандоо боюнча боло турган элдик референдумга даярдык өз
нугунда жүрүп жатат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын
жооптуу кызматкерлери тарабынан ар бир шайлоо участкаларынын даярдыгы
текшерилди.
Бүгүнкү күнгө облуста шайлоочулардын жалпы саны 297264 түздү. Облус
аймагындагы 217 шайлоо участкасы даярдалды.
КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
тарабынан Баткен облусуна бюллетендер келип түштү.
2021-жылдын 5-январына карата үйүндө добуш берүү үчүн 67 арыз келип
түшкөн болсо, кызматына байланыштуу 3190 жаран форма 3 менен добуш
берет.
Шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энегриясы менен камсыз кылуу
максатында электр генераторлору менен камсыздалды. Ошондой эле
жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.
Облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо
участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар
жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалды.
Шайлоо күнү шайлоочулардын ден соолугуна кам көрүү үчүн 434 медицина
кызматкери, коомдук тартипти сактоо үчүн 880 милиция кызматкерлери
тартылат. Ошондой эле 545 адамдан турган элдик кошундар уюштурулду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз
кызматы