Блогер блок
Чолпонбек Абыкеев: «Шайлоо маданиятын окуп үйрөнгүдөй деле болдук»
Эгемендүүлүктү алган 30 жылга жакынкы убакытта кыргыздар башыбыздан бир топ эле шайлоолорду өткөздүк. Алгачкы өткөн шайлоолорго караганда бүгүнкү шайлоодо бир топ эле бышыгып калганыбызды байкоого болот. Маселен тээ алгачкы 1990- жылдардын ичиндеги шайлоолордо болбогон ушакка деле шайлоочулар ишенип толкуп-чайпалып кетүүчү. Ал түгүл калп айтуудан уялбаган, эки жүздүү адамдардын ойлоп чыгарган ушагына ишенген шайлоочулар нечен мыкты талапкерлерди шайлабай коюшуп, кийин чындык ачылганда өкүнүшкөн учурлары да көп болгон. Бүгүн шайлоочулар ушакка токтоо мамиле кылып калышыптыр. Болбосо бир талапкердин үстүнөн эмне деген гана ушактар жайылбай атат. Ал түгүл чет өлкөнүн тыңчысы да кылып жиберишти.
Болгону бизде эми шайлоо маданиятын толук өздөштүрүүгө жетишүү гана калды. Маселен кайсыл бир талапкерди колдоо же тандоо бул ар бир адамдын жекке иши. Эгер бир үй-бүлөдө беш шайлоочу болсо, бешөө беш башка талапкерди тандаса да бири-бирине кысым көрсөтпөшү керек. Атасы баласына же кызына мен тандаганды сен да танда дегени туура эмес. Ар ким жеке өз оюуна кожоюн болгону туура. Туура ар бири өз тандоолору тууралуу ойлорун айтып, мактап же жакшы жагын түшүндүрүүгө акылуу бирок күч менен мажбурлаганга акысыз. Шайлоодо бешөө беш башка адамга добуш беришсе да бири-бирине ийгилик каалап кайра үйдө ынтымактуу эле чогуу тамактанып отурушу керек. Мына муну шайлоо маданиятын толук билүү жана сактоо деп коет.
Ошондой эле талапкерлер да шайлоо маданиятын сакташканы туура. Мелдеште бири жеңилет, экинчиси жеңет. Жеңилгени кызуу кандуулукка алдырып, ар кандай шылтоо издеп, колдоочуларын көкүтүп, мыйзамсыз иштерге түртүп, көчөгө чыгарып чуу көтөрүшкөнү да маданиятсыздык. «Элдин көзү көрөгөч» — деген кеп бар. Эгер шайлоодо чын эле калызсыздык болсо, чын эле мыйзамдар одоно бузулса анда талапкерлер көкүтпөсө деле эл өзү көчөгө чыгып кетет. Биздеги үч жолку мамлекеттик төнкөрүштүн үчө тең шайлоонун калыс эмес өткөнүнөн болду. Ал эми ар кандай жасалма чуу көтөрүү билинип калуучу иш. Кайсыл гана талапкер болбосун жок дегенде жакын туугандарынан турган колдоочулары болот. Анан аларды ээрчитип аялуу сезимдерине ойноп мыйзамсыз иштерге алып барышканы биринчи кезекте ошол колдоочуларын сыйлабагандык.
10-январда мамлекеттин Президентин шайлаган чоң шайлоо болот. Биринчи кезекте мамлекетибиздеги, элибиздеги тынчтыкты ойлойлу. Шайлоону тынч маданияттуу өткөзөлү. Шайлоо өтөт. Жашоо андан ары да уланат. Бүгүн мамлекетибизге биринчи кезекте биримдик, тынчтык керек болуп турат. Мамлекетин эгемендиги ыйык. Ал кол тийгиз нерсе. Улуттук кызыкчылык. Мамлекеттик кызыкчылык эч убакта кайсыл бир жекке кызыкчылыкка алмашылбашы керек. Бүгүнкү муундун өкүлдөрү, келечек муунга эгемен, өсүп өнүккөн мамлекет калтыруу милдети моюнубузда турганын жана аны аткаруу ар бирибиздин башкы ыйык милдетибиз экенин унутпайлы. Биримдик, ынтымак, жоопкерчилик менен шайлоону тынч өткөзүп алалы. Келечектен жакшылык тилейли.