Кыргызстандагы шайлоо участкаларынын 83 пайызы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин шартына карап пандустар менен жабдылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынанбилдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январда президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн алкагында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын керектөө картасы жаңыланып, шарттар түзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бирине гана пандус орнотулган болчу.

Ал эми өткөн жылдын февраль айында пандустар менен жабдылган шайлоо участкалары 43 пайызга, августта 65 пайызга, сентябрда 79 пайызга, ал эми декабрда 83,4 пайызга жеткени белгиленди.

Ошондой эле, 185 участкада пандуска муктаждык жок. Ал эми 215 шайлоо участогунда атайын жабдуу орнотула элек, учурда добуш берүүчү жайда шарт түзүү жумуштары уланууда.