????????????????????????????????????

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы “Бишкек” эркин экономикалык аймагынан акча чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, мамлекеттик мекеменин жооптуу адамдары жеткирүүчүлөр менен мамлекеттик жана башка сатып алууларды уюштурууда көмүскө кирешелерди алуунун туруктуу схемасын түзүшкөн. Ал эми жеткирүүчүлөр түзүлгөн келишимден түшкөн акчадан “Бишкек” ЭЭАнын мурдагы башчысына “откат” берип турушкан.

Ошондой эле, “Бишкек” ЭЭАнын Башкы дирекциясында каржылык ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталган, алар чыгымдарга, негизсиз сатып алууларды жүзөгө ашырууда жумшалган.

Мындан тышкары, коррупциялык механизмди ишке ашыруу максатында дирекциянын жылдык бюджетинин көлөмү негизсиз жогорулатылган.

Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-б. (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кечээ, 6-январда КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, “Бишкек” ЭЭАнын Башкы дирекциясынын мурдагы башкы директору И.Д.И. (Ирсалиев Дүйшөн) жана аткаруучу директор Б.М.А. кармалды. Алар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.